ОшМУ периси 2019 сулуулар кароо сынагы

2019-04-24 10:57:37 1723

ОшМУ периси 2019 сулуулар кароо сынагы болуп өттү. Кароо сынагына МИТ факультетинен ПИЭ(б)-1-17 тайпасынын студенти Замирбек кызы Айдана III орунду багындырып, III даражадагы диплом жана Ыссык-көлгө жолдомо утуп алды. Замирбек кызы Айдананын окууларына ийгиликтерди каалайбыз. Келечеги кен болсун! "Кароо сынак өтө жогорку күч сынашуу менен өттү. Ошончо студент кыздын арасында биздин кызыбыз Замирбек кызы Айдана өзүнүн мыктылыгын көрсөтө алды"-дейт декандын тарбия иштери боюнча орун басары К. Шакиров.