МИТ факультетинде 2-курстун студенттери үчүн иш берүүчүлөр жана окутуучулар менен өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү

2019-04-24 18:35:55 1767

2019-жылдын 24-апрелинде Математика жана информациялык технологиялар факультетинде ИСТ(б)-1-17, ИСТ(б)-2-17, ПОВ(б)-1-17, КЛ(б)-1-17, АС(б)-1-17, ПИЭ(б)-1-17, ПМИ(б)-1-16, ПИЭ(б)-1-16 тайпаларынын студенттери, өндүрүштөр менен байланыштар департаментинин директору Т.Матикеев, ишкана – мекемедеги жана факультеттеги практика жетекчилеринин катышуусундаөндүрүштүк практиканы жыйынтыктоо конференциясыболупөттү. Жыйынтыктоо конференциясынын максаты: - өндүрүштүк практиканын сапатын жогорулатуу; - практикант студенттердин иш билгилик сапаты тууралуу иш берүүчүлөрдүн пикирин угуу; - практикант студенттердин иш процессинде кезиктирген кыйынчылыктары жөнүндө пикирлерин угуу; - практикант студенттердин тандоо предметтерине өндүрүштө колдонулган программаларды кийирүү, өзгөртүү жөнүндө пикирлерин угуу; - Факультет менен иш берүүчүлөрдүн байланышын күчөтүү. Максатка ылайыктуу коюлган суроолордун үстүнөн сунуш, суроо – жооп, эркин пикир алышуу болду. Уюштуруучу: МИТ факультетинин практика боюнча жооптуусу – Айтбай кызы Айгүл.