МИТ факультетинин Программалоо кафедрасы Алай районунун бир нече мектептерине профориентация иштерин жүргүзүп келишти

2019-05-02 11:41:54 1656

2019-жылдын 30-апрель күнү МИТ факультетинин Программалоо кафедрасынын окутуучулары, Маткалык кызы Кымбат, Умаров Тилек, Шашканова Гүлдана жана кафедрагы келген студенттер менен биргеликте Алай районунун бир нече мектептерине барып профориентация иштерин жүргүзүп келишти. Алар мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ОшМУнун артыкчылыктарын жана окууга тапшырууда эч кандай коррупцияга жол бербөө керектигин түшүндүрүштү. Мектеп мугалимдерине ОшМУнун магистратура бөлүмү боюнча да кесипке багыттоо иштерин жүргүзүп келишти.