ОшМУнун МИТ факультетинде "Эң мыкты окурман тайпа" акыл таймашы болуп өттү

2019-05-08 08:36:20 1781

Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинде “Эң мыкты окурман тайпа” акыл таймашы болуп өттү “Китеп – адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамдарды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы, өткөндөгү жана келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет. Китеп – адамдарды байланыштырат” (Ч.Айтматов) Бүгүн, 2019-жылдын 7-майында ОшМУнун МИТ факультетинде ОшМУнун 80 жылдыгына карата мамлекеттик тил кафедрасынын окутуучулары Ызабекова Динара Абдрасуловна, Максутова Жазгүл Жумабаевналардын уюштуруусунда кыргыз тили жана адабияты сабагын жана студенттердин өз алдынча иштеринин аткарылышын жыйынтыктоо максатында Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романынын негизинде “Эң мыкты окурман тайпа” акыл таймашы болуп өттү. Акыл таймашы 6 тапшырмадан: “Тоолор кулаганда” романындагы окуялардын мазмунун камтыган суроолор топтомунан (топтордогу 8 студенттин ар бирине бирден суроо модератор тарабынан берилди); Чыгармадагы үзүндүгө эркин ой чабыт (топтор чыгармадагы бир окуяны, үзүндүнү баяндашып, андагы психологиялык абал, социалдык маселелерге идеялык-тематикалык талдоо жүргүзүштү, окурман катары көз караштарын билдиришти); Каармандарды же кырдаалды сүрөттөө тексти;Чыгармада кездешкен неологизмдер (чыгармада кездешкен өз кесиптерине тиешелүү (кесиптик сөздөр, технологиялык терминология) бир терминдин маанисин чечмелеп жана ал сөз чыгармада кайсы учурда баяндалгандыгын түшүндүрүп беришти); Чыгарманын идеялык-тематикалык маанисин камтыган топтор ортосундагы суроо-жооптор (Катышуучулардан сырткары ар бир топтун күйөрмандары (катышкан студенттерден сырткаркы тайпалаштары) тарабынан бирден суроо берилип, жооптор алынды); Романдан үзүндү аткаруу (сахналык көрүнүш) тапшырмалары берилди. АС(б)-1-18, ИСТ (б)-2-18Р, МК(б)-1-18, МК(б)-2-18, ИК(б)-1-18 тайпаларынын ортосунда жүргүзүлгөн таймашта 1-орунду ИСТ(б)-2-18Р, 2-орунду АС(б)-1-18, 3-орунду МК(б)-2-18Р тайпалары алышты жана диплом, жигердүү катышкан студенттер Ардак грамота, белектер менен сыйланышты.