2019-жылдын 8-май күнү 3-курстун студенттеринин өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү

2019-05-08 15:02:22 1596

2019-жылдын 8-май күнү ИСТ(б)-1-16, ИСТ(б)-2-16, ИСТ(б)-3-16, ПОВ(б)-1-16, АС(б)-1-16 тайпаларынын студенттеринин өндүрүштүк практиканы жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Конференцияга факультеттин практика боюнча жооптуусу А. Айтбай кызы, окуу иштери боюнча декандын орун басары А. Кудуевжанафакультеттеги практика жетекчиси болуп дайындалган окутуучулар катышты. Конференциянын аягында студенттер тарабынан кийинки окуу жылга практиканын сапатын жакшыртуу боюнча сунуш – пикирлер айтылды. Бир экөөнө токтоло кетсек: практиканын мөөнөтү (эки жума) жетишсиз экендигин баса белгилеп, мөөнөтүн узартып берүү сунушу, 1С программасын төртүнчү курстан эмес үчүнчү курстун окуу планына киргизүү сунушу айтылды. Себеби көп ишкана – мекемелер учурда 1С программасы менен иштегендиктен, үчүнчү курста өтө электигине байланыштуу мекемеде кыйынчылыктарга дуушар болгондугун белгилеп кетишти.