Андижан мамлекеттик университетинин 9 студенти ОшМУга академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 10 күнгө окуганы келишти.

2019-05-14 10:26:54 1565

p { text-indent: 20px; /* Отступ первой строки в пикселах */ } Андижан мамлекеттик университетинин 9 студенти ОшМУга академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 10 күнгө окуганы келишти. Аларды МИТ жана Физтех факультеттеринин окутуучулары “Достук” чек ара бекетинде тосуп алышты. Конок студенттерди проректор Замирбек Сабиржанович кабыл алып, университеттеги окуу процесси, инфраструктурасы жана эки окуу жайдын алакалары туурасында айтып берди. Ошондой эле студенттер декандар менен дагы жолугушушту. Аларга музей көрсөтүлүп, чакан экскурсия уюштурулду. Бүгүндөн баштап 5 студент математика жана информатика адистиктеринде, төртөө физика адистиги боюнча билим ала башташат. Алар профком Абжапар Ураимовичтин колдоосу менен профилакторийге жайгаштырылды жана мындан ары 4 маал ысык тамак менен камсыз болушат. Эсиниздерге сала кетсек, ОшМУ менен АНМУнун ортосундагы кызматташуу мыкты жолго коюлган. Эки тараптуу алмашуулар тынымсыз жүрүп турат. Буга чейин апрель-май айларында биздин 25 студентибиз Андижан шаарында окуп келишсе, эми алардын 9 студенти ордолуу Ошко келип олтурат. Жасалып жаткан иш аракеттердин негизги максаты - ЖОЖдордун алакасын өркүндөтүү жана достук мамилесин ширетүү.