Илимий-практикалык конференция

2022-05-14 22:23:56 280

2022-жылдын 11-май күнү ОшМУнун Математика жана информациялык технологиялар факультетинде "Математиканын, информатиканын учурдагы маселелери жана алардын колдонулуштары" аттуу жана Ж.К.Сагындыков агайды эскерүү кечесине арналган VI илимий-практикалык конференция болуп өттү. "IT технологияларынын жаңылыктары" аталышындагы VI секцияда студенттер активдүү катышып, азыркы учурда IT тармагында актуалдуу болуп жаткан меселелерди, жаңылыктарды көтөрүп, баяндама жасашты. Аягында баяндама жасаган бардык студенттерге сертификаттар тапшырылды.