Ата-энелер менен жолугушуу

2022-05-20 20:01:02 288

2022-жылдын 25-мартында Программалык инженерия адистигинде окууган студенттердин ата-энелери менен онлайн жолгушуу болуп өттү. Жолугушууда адистиктин окуу процессинин жүрүшү, окуу пландары, НББП жана анын максаттары, тайпалардын окуудагы, коомдук-маданий, спорттук, илимий жактан жетишкендиктери, окуу жайда түзүлгөн шарттар, контракт тууралуу маалыматтар берилди. Жыйынтыгында суроо-жооп болуп, ата-энелер студенттердин сабактан тышкаркы иштери, практика, котракт төгүү маселелери боюнча бир катар суроолорду берип, жооп алышты.