Германиянын Цвикау Батыш-Саксон колдонмо илимдер университетинде иш сапар

2022-06-02 08:53:56 304

Ош мамлекеттик университетиндеги математика жана информациялык технологиялар факультетинин АССТ кафедрасынын башчысы доцент У.Д.Молдояров, ИСП кафедрасынын башчысы доцент А.М.Токторбаев, КИИК кафедрасынын башчысы доцент У.З.Эркебаев жана немис тили кафедрасынын улук окутуучусу Ж.Ф.Сарыкбаева Германиянын Цвикау Батыш-Саксон колдонмо илимдер университетинде иш сапарда. Иш сапардын биринчи күнүндө медициналык информатика факультети менен байланышты жандандыруу, "Саламаттык сактоодогу информатика", "информациялык системалар жана технологиялар" жана "архитектурадагы колдонмо информатика" профилдери үчүн биргелешкен билим берүү программаларын жана студенттер менен окутуучулардын арасында академиялык мобилдүүлүк, илимий сапарларды, стажировкаларды, кесипти жогорулатуу курстарын уюштуруу, конок лекцияларды окуу, тренингдерди өткөрүү ж.б. кызматташуу багыттары профессор Леоноре Хайланд жана факультеттин деканы профессор Анке Хебер менен талкууланды.