МИТ факультетинен студенти 1- орунду ээлеп, 1- даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды

2022-09-24 11:40:50 294

23- сентябрь күнү Ош шаардык мэриясында "Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил" аттуу студенттер арасындагы долбоорлор сынагында жеңишке жеткендерди сыйлоо аземи болуп өттү. Эскерте кетсек, буга чейин окуу жайдын базасында мамлекеттик тилди жаңы маалымат технологиялар аркылуу жайылтууга багытталган студенттик долбоорлор сынагы болуп, ага ОшМУ, ОшТУ жана Ош КУУнун студенттери катышышкан. Сынакка КМИГД кафедрасынын окутуучусу Камалов Султанбек агайыбыздын студенттери катышып жакшы ийгиликтерди жарата алышты. Алардын ичинен биздин "Колдонмо математика жана информатика" адистигинин 4- курсунун студенти Чилаева Айдай өзүнүн "РОБОТ ОФИЦИАНТ" долбоору үчүн жеңүүчү деп табылып 1- орунду ээлеп, 1- даражадагы диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланды.