Аралыктан иштөө – эффективдүү киреше булагы

2023-01-26 10:31:48 282

Аралыктан иштөө – эффективдүү киреше булагы 25-январь күнү АССТ кафедрасыны тарабынан, студенттерге стимул берүүчү “Аралыктан иштөө – эффективдүү киреше булагы” аттуу жолугушуу өткөрүлдү. Meetup жолугушууда ОшМУнун МИТ факультетинин алдынкы бүтүрүүлөрү бүгүнкү күндө Чехиянын Прага шаарында Slotegrator компаниясында эмгектенген Мелис Жолдошев, Орусиянын Москва шаарында беделдүү IT компанияларда иштеген Шайырбек Бактыбек уулу, Дониербек Валижанов, Бектурсун Кадыркулов жана Ош шаарындагы Biruni IT академиясынын жетекчиси, Google компаниясынын түштүктөгү өкүлү Санжарбек Аданов, окуу жайда IT багыты боюнча билим алган студенттер, окутуучулар катышты. Иш-чарада коноктор студенттерге IT тармагынын артыкчылыктары, аралыктан иштөө аркылуу каражат табуу жолдору, программалоо тилдери, дизайн, сайт түзүү боюнча маалыматтарды беришти. Ошондой эле, өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, кеңештерин айтышты.