Ардактуу академик Келдибай Алымкулов

2023-05-13 02:50:05 510

Ош мамлекеттик унивеситетинин МИТ факультетинде Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер,КР нын Улуттук илимдер академиясынын м үчө-корреспонденти, физика,метематик илимдеринин доктору,профессор, Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги Келдибай Алымкулов атындагы илимий изилдөө борбору ачылды. Иш –чара окумуштуу,педагог Келдибай Алымкуловдун 80жылдык эскерүү мааракесине арналган <<Математиканын актуалдуу маселелери жана билим берүү >> аталышындагы эл аралык конференциянын алкагында өттү. Конференцияга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Орусия, Казакстан, Өзбекстандан келген белгилүү окумуштуулар катышты.