Мобилдүүлүк боюнча онлайн жолугушуу

2023-09-25 10:46:51 310

АССТ кафедрасынын ПО курамы жана МИТ факультетинин мобилдүүлүк боюнча жооптуусу окутуучу Пакал уулу Д. 2023-жылдын 22-сентябрь күнү “Информатика жана эсептөө техникасы” багытынын 2-3-курстарынын мобилдүүлүк боюнча окуган студенттери менен онлайн жолугушуу өткөрүштү. Борбор Азиянын башка университеттеринде мобилдүүлүк программасы боюнча билим алып жаткан студенттер менен онлайн жолугушууга АССТ кафедрасынын башчысы доцент, тех.и.к. Кудуев А. жана кафедранын окутуучулары катышты. Жолугушуунун максаты студенттердин чет өлкөдө окуу процессинде туш болгон актуалдуу маселелерин жана көйгөйлөрүн талкуулоо болду. Окутуучулар студенттердин пикирлерин жана сунуштарын угушту, ошондой эле пайда болгон маселелер боюнча сунуштарды жана чечимдерди беришти. Азыркы учурда мобилдүүлүк программасы боюнча Казахстан мамлекетинин Астана шаарындагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразиялык улуттук университетинде АС(б)-1-22 тайпасынан 5 студент ийгиликтүү окуп жатат алар: Абдивоситова Эленора, Кутманбек кызы Медина, Номанов Содикжон, Эрмеков Нуржигит, Эсенов Эдил жана АС(б)1-21 тайпасынан 4 студент: Жороева Айгерим, Эргашова Орозбу, Минзамидинова Мээрим Өзбекистандагы, Самарканд мамлекеттик университетинде окуп жатышат, ушул эле тайпанын студенти Акматова Жумагул Казахстандын, Астана шаарындагы КазГЮУда билим алып жататышат.