МИТ факультетинин студенттери БатМУда өткөрүлгөн студенттердин V аймактык олимпиадасында

2016-04-15 10:48:44 5645

МИТ факультетинин студенттери БатМУда өткөрүлгөн студенттердин V аймактык олимпиадасында 1-орунду ээлешти МИТ факультетинин студенттери 2016-жылдын 9-апрелинде БатМУнун Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институтунун базасында өткөрүлгөн студенттердин V аймактык олимпиадасында 1-орунду ээлешти. Олимпиадага 12 окуу жайдан 700гө жакын студенттер катышышып, предметтик жана адистик боюнча билимдерин сынашты. МИТФнын 8 студентти олимпиадада байгелүү орунду ээлешип, жалпы командалык эсепте 1-орунга татыктуу болушту. Факультеттин командаларынын жетекчилери Н. Аркабаев, У. Молдояров жана А. Акматовдордун студенттерди олимпиадага мыкты даярдаганынын натыйжасында студенттерибиз олимпиадага жогорку уюшкандыкта катышышып, жеңиш менен кайтып келишти. № Ф.А.А. Тайпасы Ээлеген орду Информатика предмети боюнча (профиль) Жетекчиси: ИТАС каф. улук окутуучусу Молдояров Уларбек 1 Абдуллаев Темирлан ИСТ(б)-1-14 (2-курс) I 2 Ибрагимов Рахматулло ПОВ(б)-1-14Р (2-курс) I Алгоритм тилдери жана программалоо (адистик боюнча) Жетекчиси: Программалоо каф. улук окутуучусу Аркабаев Нуркасым 1 Султанбеков Максатбек ИСТ(б)-1-13 (3-курс) I 2 Валижанов Дониербек ПОВ(б)-1-13 (3-курс) I 3 Маматалиев Жаныбек ПОВ(б)-1-12 (4-курс) I Математика предмети боюнча (профиль) Жетекчиси: Матанализ каф. улук окутуучусу Акматов Абдилазиз 1 Бакыт кызы Сирень МК(б)-1-13 (3-курс) I 2 Маматова Айдана МК(б)-1-14Р (2-курс) III Кыргыз тили боюнча Жетекчиси: Мамлекеттик тил каф.окутуучусу Айтибаева Жыпаргул 1 Байгазиева Каныкей ИСТ(б)-1-15 (1-курс) I