МИТФнын окутуучуларынын кесипке багыттоо иштери

2016-05-19 18:34:09 6966

МИТ факультетинин окутуучуларынын Ноокат районунун Тєєлєс айыл аймагынын мектептериндеги окуучулар жана мугалимдер жамааты менен жолугушуусу 2016-жылдын 18-майында Ноокат районунун Тєєлєс айыл аймагынын «М. Бостонбаев», «У. Салиева» жана «Кеўеш» орто мектептерине МИТ факультетинин деканы, ф.-м.и.к., доцент Асылбеков Т.Д., «Алгебра жана геометрия» кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., УИАнын мїчє-корреспонденти Алымкулов К., «Программалоо» кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор Сопуев А., МИТ факультетинин деканынын тарбиялык иштер боюнча орун басары, Информатика кафедрасынын улук окутуучусу Шакиров К., ОшМУнун «Адис» окуу борборунун директору, Информатика кафедрасынын улук окутуучусу Азимов Б. кесипке багыттоо иштери менен барып, окуучулар жана мектеп жамааттары менен жолугушууларды єткєрїштї. Жолугушууларда окуучулардын ОшМУ, МИТ факультети жєнїндє маалыматтары бар экендиги, ошондой эле факультеттин адистиктерине, єзгєчє медицина факультетинин адистиктерине тапшырууга ынтызар болуп жаткандыктары аныкталды. Окуучулардын факультеттин базасында колледждин ачылгандыгына кызыгууну туудурду. КРнын УИАнын мїчє-корреспонденти Алымкулов К. жогорудагы їч мектептин мыкты окуган окуучуларына єзїнїн эмгек акысынан стипендия бере тургандыгын маалымдады жана стипендия атайын конкурстук тандоодон єткєн окуучуларга бериле тургандыгын айтты. Бул саамалыкты мектеп жамааттары кызуу колдошту. Жогоруда аталган мектептердин математика жана информатика мугалимдерине китептер берилип, методикалык кеп-кеўештер айтылды. Мектептердин директорлору: Абдирайимов П. (“М. Бостонбаев” орто мектеби), Батырова А. (“У. Салиева” орто мектеби), Тойкулов С. (“Кеўеш” орто мектеби) ОшМУ менен кесиптик, методикалык жана маданий-массалык иштерди биргеликте єткєрїї багытында иш-чараларды уюштуруша тургандыктарын билдиришти.