МИТ факультетинде иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол болуп өттү

2017-04-24 17:38:16 2868

2017-жылдын 11-апрелинде “Математика” магистрдик багыты боюнча алгебра жана геометрия кафедрасында иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана магистранттар менен тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдун максаты: - иш берүүчүлөрдү, бүтүрүүчүлөрдү жана магистранттарды “Математика” магистрдик багытынын негизги билим берүүнүн программасы, окуу планы жана жумушчу окуу планы менен тааныштыруу; - иштеп жатышкан бүтүрүүчүлөрдүн билгилик сапаты тууралуу иш берүүчүлөрдүн пикирин угуу; - иштеп жаткан бүтүрүүчүлөрдүн иш процессинде кезиктирген кыйынчылыктары жөнүндө пикирлерин угуу; Максатка ылайыктуу коюлган суроолордун үстүнөн чакан топтордо иштөө, тегерек столдун катышуучуларынын эркин пикир алышуусу болду.