Математика жана информациялык технологиялар факультетинде студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү

2017-04-29 15:52:22 4511

2017-жылдын 28-апрелинде Математика жана информациялык технологиялар факультетинде орто кесиптик билим берүү адистиктеринин студенттеринин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты: - Ата-энелерди факультеттин окуу-тарбиялык процессинин мазмуну жана методикасы менен тааныштыруу; - ЖОЖдор менен ата-энелерди тыгыз байланыштыруу. ЖОЖго чейинки билим берүү департаментинин проректору Тажимамат Эркебаев окуу системасы боюнча жана студент кандай адис болуп, кайсыл ишканаларда иштей ала тургандыгы жөнүндө толук маалымат берип өттү. Ата-энелер түзүлгөн шарттарга ыраазы болушуп жакшы пикирлерин калтырышты. Уюштуруучу: МИТ факультетинин кыздар кеңешинин төрайымы – Шамшиева Г.