Жатаканага жєє жїрїш!!!

2014-04-26 11:10:31 3303

25-апрель күнү ОшМУнун спорт чеберлерин куттуктагандан кийин университетибиздин ректору, профессор Каныбек Абдуваситович, проректор - доцент Абдыганы Осмонович, факультеттин декандары менен биргеликте ОшМУнун №1,2,3 жатаканаларына жөө жүрүш жасадык. Анда жатаканалардын алдындагы сквер таанылбай, жаздын керемети күч алып, бак дарактар жайнап, жаңы арыктардан суу агып, эс алуучу беседкалар курулуп, банк каржылаган отургучтар кайкалап тим эле жашоо керемет болуп калыптыр!!! Ушунун баарына Каныбек Абдуваситовичке терең ыраазы болдук. Жатакананын жашоочулары тамак-аштарын жайнатып, кучак жайып тосуп алышты. Айрыкча МИТ факультетинин студенттери жана комендант Амина Николаевна менен биргеликте кыргыздын улуттук тамактары:куурдак, бешбармак, быжы, каймак, айран, сары май жана башка даамдуу тамактарды даярдап коюшуптур. Ошто жашап, ОшМУда окуп, ОшМУда иштегениме чындап сыймыктандым! Сопуев У.А.