Высшей математики

Азыркы учурда коомдун өнүгүү темпинин жана эмгек рыногунун талаптарынын негизинде жогорку билим берүү системасынын бүтүрүүчүлөрүнүн төмөндөгүдөй жалпы сапаттарын бөлүп көрсөтүүгө болот:

  • өзүн өзү сындоо жана ой жүгүртүүнүн өз алдынчалуулугу;
  • калыптанган билим, билгичтик, компетенциялардын жогорку сапаты жана ишенимдүүлүгү;
  • изилдөө, кайра иштетүү технологияларын эркин өздөштүрүү жана керектүү маалыматтарды колдоно билүүсү;
  • өз алдынча билим алууга жөндөмдүүлүгү жана бул нерсеге болгон ички мотивациясы;
  • өзүнүн ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү кругозору, жогорку профессионалдуулук квалификациясы;
  • өзүнүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы үчүн жоопкерчиликтүүлүгү.

Жогорку окуу жайларда окутуу процессинде бул маселени чечүүдө жалпы билим берүү циклындагы дисциплиналардын, атап айтканда математиканын, салымы чоң. Жогоруда аталган компетенциялардын комплекстүү түрдө калыптанышынын эң бир эффективдүү ыкмасы – бул билим алуучулардын математикалык толуктоолорду камтыган кесиптик маанилүү маселелерди чечүүдө активдүү катышуусу.

Азыркы учурда математикалык эмес профилдеги студенттер үчүн математикалык билим берүүнүн максаты, кесиптик ишмердүүлүгүнө даярдоодо, алардын активдүү жашоо позициясынын калыптанышын жана кесиптик эмгек ишмердүүлүгүнө гана эмес, кесиптик маселелерди чечүүнүн жаңы ыкмаларын ачууга байланышкан чыгармачылыкка даярдоону сунуштайт. Билим берүүнүн максатындагы жалгыз жана негизги билим студенттердин жеке өнүгүү каражатына айланат.

Азыркы учурда практиканын ар түрдүү проблемаларын чечүүдө колдонулбаган математика тармагын жана математикалык методдор колдонулбаган илимдер тармагын айтуу кыйын.

Дисциплинанын максаттары: математиканын негизги түшүнүктөрүн, абалын жана математика курсунун негиздерин студенттер окуп үйрөнөт.