Компьютерный центр



МИТ факультетинин Компьютердик борбору 2009 – жылы Ош МУнун ректорунун № 491 - буйругунун негизинде Компьютердик базаны жана информациялык технологиялар багытындагы окуу-усулдук, илимий иштерди борборлоштуруу үчүн окуу иштери боюнча проректору, ф.-м.и.к., доцент А.О. Абдувалиевдин демилгеси менен ачылган.Алгач Компьютердик борбордун директору кызматына ф.-м. и. к. Арапбаев Русланбек Нурмаматович 2009-жылдын 3-августунда дайындалган жана компьютердик борборду негиздеп чыккан. Борборго МИТ факультетинин алдындагы информатика, программалоо, информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар (ИТАС), математиканы жана информатиканы окутуунун усулу кафедраларынын карамагындагы баардык компьютердик класстар жана тейлөөчү окуу - көмөкчү кызматкерлери кирген.


2011 -жылдын 2-сентябрынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп ф.-м.и.к., доцент Сопуев Уланбек Адахимжанович дайындалып, ийгиликтүү иштеп келген. ОшМУнун башкы корпусунун аудиторияларына видео байкоо камералары орнотулуп, факультетте локалдык тармак жаңыдан тартылып оптоволокондук кабель менен туташтырылган, бир топ аудиториялар капиталдык ремонттон өтүп, окуу класстарына жалюзилер орнотулган.


2013-жылдын 11-сентябрь айынан баштап Компьютердик борбордун директору болуп Информатика кафедрасынын ага окутуучусу Нуранов Бактыбек Шермаматович дайындалды. Борбордо МИТ факультетинин сайты түзүлдү жана тиешелүү адистер тарабынан заманбап программалык жабдылыштар өздөштүрүлүүдө. Азыркы мезгилде борбордо 14 заманбап компьютердик класстар бар. Алардын баары интернетке туташтырылып, студенттер жана окутуучулар үчүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү акысыз. Башкы корпуста кабельсиз интернетке чыгуу үчүн WI FI системасы үзүрлүү пайдаланууда. Компьютердик борбордо 11 адис эмгектенишет. , Компьютердик борбордун сайтына кирүү - http://kb.oshsu.kg/ жана https://Компьютердик борбор
Биздин сайт Биздин сайт
Компьютердик борбор kb.oshsu.kg