2024-жылдын 15- ноябрь күнү БатМУнун М.М.Тайиров атындагы Кызылкыя гуманитардык - педагогикалык институту тарабынан уюштурулган Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Баткен облусунун уюштурулгандыгынын 25 жылдыгына жана Баткен мамлекеттик университетинин Кызылкыя гуманитардык- педагогикалык институтунун негиздөөчүсү , Жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана жаңы технологиялар илим изилдөө институнун директору, физика -математика илимдеринин доктору, профессор Тайиров Миталип Муратовичтин 70 жылдыгына арналган "Санариптешүү мезгилиндеги физика илиминин актуалдуу маселелери жана окутуу технологиялары" аттуу эл аралык илимий практикалык конференцияга ф.-м.и.к., ЭТФ кафедрасынын доценти Б.А.Каденова "Реализация межпредметных связей физики и математики при изучении распространения потенциала действия в нервной клетке использванием математической модели " деген темада баяндама жасап, конференцияга катышып келди.
Ядролук институтка илимий иш сапар! ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч.Осконбаев Өзбек республикасынын илимдер академиясынын ядролук институтунда "Ядролук энергиянын заманбап көйгөйлөрү жана ядролук технология" деген аталыштагы XI эл аралык конференцияга катышып, баяндама жасап келди. Конференцияга Италиядан, Түштүк Кореядан, Казакстандан, Россиядан жана Түркиядан окумуштуулар келип катышты. Конференция 2025- ж. 14-16- октябрда өтүп, 18 баяндама пленардык отурумда жана 4- секцияда баяндамалар жасалды.
Эл аралык конференцияда
2023-жылдын 28-30-сентябрында ЭТФ кафедрасынын профессору Ы. Ташполотов жана кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев Өзбек Республикасындагы Фергана политехникалык институту уюштурган Эл аралык VI-илимий конференцияга катышып, пленардык жыйында баяндамаларды жасап келишти.
АнГУда эл аралык конференция
“Энергиянын альтернативдүү булактары жана алардын келечеги. Жарым өткөргүчтүк опто жана наноэлектроника”- деген аталыштагы эл аралык конференция Андижан мамлекеттикуниверситетинде өттү. ЭТФ кафедрасынaн профессору Ы. Ташполотов, кафедра башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев, улук окутуучу А. Орозбаева жана ЭТФ кафедрасынын аспирантты Т. Ибраимов илимий конференцияга катышып, профессор Ы. Ташполотов жана доцент М.Ч.Осконбаев пленардык отурумда илимий баяндама жасашты. Профессор Ы.Ташполотов программалык комитетке , ал эми доцент М.Ч. Осконбаев уюштуруу комитетинде мүчө болуп программага киргизишти. Илимий конференция 12-13- октябрда (2023-ж) АнГУда өттү.
Эл аралык илимий-практикалык конференцияда
Өзбек Республикасынын Хорезм областындагы Ургенч шаарында болуп өткөн Эл аралык илимий-практикалык конференция жөнүндө маалымат 2024-жылдын 18-19- декабрь күндөрү Өзбек Республикасынын Хорезм областындагы Ургенч шаарындагы Ургенч технологиялык университетинин базасында “Региондо туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуунун артыкчылыктуу багыттары” аталышындагы Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул конференцияга Европанын Италия, Испания, Чехия мамлекеттеринен, Турция, Азербайжан жана Кыргыз Республикаларынан окумуштуулар катышты. Конференцияга келип түшкөн илимий макалалар 3 томдук жыйнак түрүндө жарык көрдү. Конференциянын негизги бөлүгү Хива шаарында өткөрүлдү. Кыргыз Республикасынан барган окумуштуулардын арасынан пленардык отурумда куттуктоо сөздү, Ош технологиялык университетинин профессору Жаныбеков Максат баяндаса, пленардык докладды Ош мамлекеттик университетинин профессору Ысламидин Ташполотов жасады. Калган окумуштуулар илимий докладдарын секциялык отурумдарда жасашты. Кыргызстандан барган окумуштуулар университеттин студенттери, магистранттары, окутуучулары ректораттын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү жана алар университеттин өндүрүштүк базасы менен да кеңири таанышып чыгышты. Конференциянын жыйынтыктоочу күнүндө Кыргызстандык окумуштууларга Ургенч технологиялык университетинин ардактуу профессору наамдарын ыйгарышты.


Бишкек - 2025-ж., 10-февралда Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 100 жылдыгына, И.Ч. Исамидинов атындагы педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун 15 жылдыгына арналган «Искендер Исамидиновдун окуулары: Санариптик трансформация шарттарында педагогикалык билим берүүнү модернизациялоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция он-лайн түрүндөгү конференцияда 6 секция өзүнүн ишин алып барды, “ТЕХНОЛОГИИ ОБУЧЕНИЯ ЕСТЕСТВЕННО-МАТЕМАТИЧЕСКИМ ДИСЦИПЛИНАМ В УСЛОВИЯХ ЦИФРОВИЗАЦИИ ОБРАЗОВАНИЯ” аталыштагы 4- секцияда доценттер Каденова Б.А., Садырова М.М. “Интеграция дисциплин физики и физиологии при изучении глаза как оптической системы” деген темада баяндама жасалып, жыйынтыгында Ж.Баласагын атындагы КУУнин Вестник журналына чыгарууга басмага кабыл алынды жана сертификат берилди.
2024- жылдын 23-24- август күндөрү Каракол шаарындагы К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университети тарабынан педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак. Бекбоевге арналган "Бекбоевдик VII окуулар : Ааламдашуу шартындагы билим берүүдө жасалма интеллект, санариптик технологияларды колдонуунун жетишкендиктери жана көйгөйлөрү " аттуу эл аралык илимий конференцияга ф.-м.и.к., ЭТФ кафедрасынын доценти Б.А. Каденова "Жегич - галоиддик кристаллдардагы баштапкы нурланууда пайда болгон дефекттердин касиеттери жөнүндө негизги идеялар" деген темада баяндама жасап, конференцияга катышып келди.