2020-05-16 07:28:34 1319
2020-жылдын 15-майында Программалоо кафедрасында ОшМУнун 80 жылдык мааракесине жана «Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, балдарды колдоо» жылына арналган «САНАРИП ОКУТУУЧУ – САНАРИП СТУДЕНТ» аттуу on-line илимий жумалыгы өткөзүлдү. Илимий жумалыкта «Экономикадагы ИСТ» - IV секциялык ишти кафедранын мүчөлөрү С. Тажикбаева жана Маткалык кызы Кымбат жетектешти. Конференцияга атайын чакырылган конок, программист-иштеп чыгуучу Кубаныч Тажмамат уулунун, кафедранын окутуучуларынын, магистранттардын жана студенттердин 23 илимий баяндамасы жасалды. IV секциянын ишинин жыйынтыгы боюнча жасалган баяндамалардын ортосунда “Мыкты баяндама” конкурсу жүргүзүлүп, орундар төмөнкүдөй болду: студенттердин арасында I даражадагы диплом менен Сыдыкбекова Батина Сыдыкбековна, ИСТ (б)-3-18, Hot Potatoes программасынын жардамында интерактивдүү тапшырмаларды жана тесттерди түзүү. Жетекчи: Абдирайимова Н., улук окутуучу II даражадагы диплом менен Алишов Азирет Сайтмаматулы, ИСТ (б)-3-19Р, Плюсы и минусы дистанционного обучения с точки зрения студента. Жетекчи:Омаралиева Г.,окутуучу III даражадагы диплом менен Орозова Сайкал Эрмаматовна, ФМОИ (б)-1-19, Delphi программасынын жардамында шахматтын доскасын түзүү. Жетекчи: Токторбаев А., ф.-м.и.к., доцент Магистранттардын арасында: 1-орун: Сопуев Акылбек Адахимжанович, ИСТ(м)-1-18, Ишкананын берилгендер базасын PhpMyAdmin жана MySQL каражаттары менен түзүү. Жетекчи: ф.м.-и.к., доцент Сактанов У.А. 2-орун: Тохтабоев Мадиёр Комилжонович , ИСТ(м)-1-18, Использование модели Леонтьева разработке экономической системы производства продуктов. Жетекчи: ф .м.-и.д., проф. Сопуев А. 3-орун: Насыров Хуршид Илхомович, ИСТ(м)-1-18, Батирлерди эсепке алуу жана контролдоо боюнча риэлтордук компаниянын сатуу бөлүмүнүн АИС-н проектирлөө. Жетекчи:ф.м.-и.к., доцент Сатаров А.Э. Өткөзүлгөн он-лайн илим жумалыгына активдүү катышкан студенттер жана магистранттар кафедранын жана факультеттин ардак грамоталары жана дипломдору менен сыйланышты.