2021-03-05 10:18:22 581
4-март күнү МИТ факультетинин тарбия иштери боюнча декандын орун басары жана Жаштар Кеңеши тарабынан уюштурулган “Ак элечек, аруу тилек асыл жар, Ай ааламдын сулуулугу-айымдар” - аттуу майрамдык кече факультеттин жалпы айымдары үчүн арналды. Кечеде ыр-бийлер, оюн-зооктор ойнотулуп, жагымдуу майрамдык маанай тартууланды. Урматтуу Ош МУнун жалпы асылзаада айымдаары, сиздери келе жаткан 8-март Эл аралык аялдар күнү менен жамааттын атынан куттуктайбыз! Ар дайыма жүзүңүздөрдөн жылмаюу кетпей, бекем ден соолукта, узак өмүр сүрүңүздөр!