2021-10-15 09:13:38 350
Бүгүн ОшМУнун студенттери үчүн "XXI кылымдын компетенциялары" деп аталган интелектуалдык иш чара болуп өттү. Иш чара ОшМУнун "Студенттер жана коомчулук менен байланыш" проректору Ж. Артыкова тарабынан демилгеленип, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин, Колдонмо математика, информатика, графикалык дизайн кафедрасы уюштурду. Иш чара студенттердин интеллектин жана санарип технологияны колдонуу деңгээлин жогорулатуу максатында уюшулуп, төмөндөгүдөй пункттардан турду: ✔️Котормо иши; ✔️ Текст терүү; ✔️ Кубик-рубик; ✔️ Пазл чогултуу; ✔️Графикалык дизайн; ОшМУнун төмөнкү факультеттеринин( Медицина, БИМ, Юридика, ТТГФ, ИПК ) студенттери активдүү катышып сертификаттарга ээ болушту. Текстти компьютерде терүү боюнча МИТ,ИПК,БИМдин студенттери 3 орунду камсыз кылып, 50 секундда 400-500 символ жазышты. Кубик чогултуу боюнча 1-2-орунду МИТ,БИМдин студенттери 30 секундда чогултушту. Пазлды компьюдердин жардамында чогултуу менен 9-12 минутта 104 чачманы чогултуп 3 студентибиз байгелүү орунду камсыздашты. Графикалык дизайнда компьютердин жардамында түрдүү логотиптерди жасап 3 студент курама командага кошулду. "Котормо иши" боюнча Дуйнөлүк тилдер факультети уюштуруп, жыйынтыгында 1-орунду МИТ факультетинин 1 курсунун студенти алды. Аталган факультеттердин студенттерине, жетекчиликтерине ыраазычылык билдиребиз. Мугалимдердин бактылуу учурлары, студенттеринин талантын, аракетин көрүп, кубанып ошондон ырахат алганында. Мындан 19-20-октябрда, Кыргызстандын ЖОЖдорунун арасында өтүүчү форумга курама команда тандалып алынды.