IT технология жаатында окуу курсу болуп өттү

2022-02-15 13:23:00 406

ОшМУда окутуучулар “Тетиктерди 3D моделдөө жана жумушчу чиймелерди иштеп чыгуу” боюнча окуу курсунан өтүштү. Курстyн угуучулары КОМПАС- 3D программасы менен таанышуу, 3D моделдөө, 3D чогултуу темаларын өздөштүрүштү жана үч өлчөмдүү моделдөө тармагында теориялык билимге жана практикалык көндүмдөргө, КОМПАС- 3D системасында долбоордук документтерди даярдоого ээ болушту. Окуу курсуна окуу жайдагы IT технология жаатында билим берген 25 окутуучу катышып, аларга курстан кийин 32 сааттык сертификаттар тапшырылды. Курс математика жана информациялык технологиялар факультетинин автоматташтырылган системалар жана санариптик технология кафедрасынын башчысы, доцент Уларбек Молдояров тарабынан уюштурулду.