2025-09-24 08:04:46 140
Куттуктайбыз! Ош мамлекеттик университетинин МФТИТ институтунун илимий кызматкери, Юлдашев Турсун Камалидинович дүйнөдөгү эң мыкты 2% окумуштуулардын катарына кирди! Бул чоң жетишкендик Стэнфорд университети жана Elsevier (Scopus) маалымат базасынын 2025-жылдагы рейтингинде жарыяланды. Бул рейтинг дүйнөлүк масштабдагы илимий таасирге ээ болгон окумуштуулардын илимий иштеринин саны жана сапаты боюнча түзүлөт. Юлдашев Турсун Камалидиновичтин илимге кошкон салымы эл аралык деңгээлде таанылып жатканы – бул биз үчүн чоң сыймык! Бул жетишкендик – МФТИТ институтунун жана жалпы ОшМУнун илимий дараметинин жогорку деңгээлде экенин дагы бир ирет далилдейт. Урматтуу Юлдашев Турсун Камалидиновичти чын жүрөктөн куттуктайбыз жана алга карай дагы ийгиликтерди каалайбыз!