2025-09-24 08:13:30 175
Бүгүн, 23-сентябрда МФТИТ институтунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили — кыргыз тилинин күнү белгиленип, майрамдык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер патриоттук ырларды ырдап, көркөм окуу, сахналаштырылган көрүнүштөр жана кыргыз элинин маданиятын чагылдырган бөлүктөр менен көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Илим-билимдин мекени болгон МФТИТте мамлекеттик тилге болгон урмат, сый жана мамиле өзгөчө мааниге ээ экендигин дагы бир жолу тастыктады. Бул майрам ар бир жарандын жүрөгүндө өз тилине болгон сыймыкты арттырып, *кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү* багытындагы аракеттерге дем берет деп ишенебиз!