2025-09-24 08:43:34 185
24.09.2025 Бүгүн, ОшМУнун МФТИТ институтунда ӨКМнин кызматкерлери студенттер үчүн түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чара «5-октябрь — Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнү» белгиленишине карата уюштурулуп, анда өзгөчө кырдаалдардын түрлөрү, алгачкы аракеттер, өрт тууралуу түшүнүк жана өрт өчүрүү шаймандарын туура колдонуу боюнча пайдалуу маалыматтар берилди.