2025-10-03 12:28:37 124
Мугалимдер күнү! МфТИТ институтунун МИОТжББМ кафедрасы жана физмат билим берүү (математика жана информатика профили) багытынын студенттери тарабынан Мугалимдер күнүнө арналган өзгөчө кече уюштурулду! Бул майрам дүйнө жүзү боюнча 1994-жылдан бери Бүткүл дүйнөлүк мугалимдер күнү катары 100дөн ашуун өлкөдө белгиленип келет. Анын тарыхы 1966-жылдын 5-октябрында Парижде өткөн конференцияда мугалимдердин статусу талкууланган күндөн башталган. Ал эми Кыргызстанда 2014-жылдан тарта 5-октябрь — Билим берүү кызматкерлеринин күнү катары расмий белгиленип келет. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө иштеген элдин 9%дан ашыгы билим берүү тармагында эмгектенет. Устаттарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Алар — коомдун пайдубалы, келечек муундун жол көрсөтүүчүлөрү!