2025-10-14 11:27:11 114
2025-жылдын 12-октябры Өзбекстандын Бухара шаарындагы Бухара мамлекеттик университетинин (БМУ) Физика-математика жана маалыматтык технологиялар факультетинин "Математикалык анализ" кафедрасы менен Ош мамлекеттик университетинин профессору, ф.-м.и.д. Турсунов Д.А. жетектеген делегациянын ортосунда эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча жолугушуу болуп өттү. Эки тараптуу кызматташуунун алкагында алгачкы иш-чара катары "Математикалык анализ" кафедраларынын онлайн форматтагы жолугушуусу пландаштырылды. БМУнун Илим жана билим берүүнүн алдынкы тажрыйбалары борборунун директору, ф.-м.и.д., профессор Расулов Тулкин Хусенович тарабынан БМУдагы математика багытындагы илимий мектептер жана жетишкендиктер тууралуу кеңири маалымат берилди. Жолугушууда төмөнкү маселелер талкууланды: — Академиялык мобилдүүлүк — QS эл аралык рейтингине кирүү — Биргелешкен илимий долбоорлор — Эл аралык программаларга катышуу Бул жолугушуу — эки университеттин ортосундагы илимий жана академиялык алакаларды жаңы деңгээлге чыгарууга болгон маанилүү кадам.