2017-04-26 09:24:10 3774
“ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮЧҮ ЖАНА КЕСИПТИК МЕКТЕПТЕРДЕ КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮК МАМИЛЕНИ ЖҮЗӨГӨ АШЫРУУНУН АКТУАЛДУУ КӨЙГӨЙЛӨРҮ” аталышындагы IX Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын Р Е З О Л Ю Ц И Я С Ы Аймактык илимий-практикалык конференциянын катышуучулары илимий баяндамаларды угуп жана талкуулап, берилген суроолорду, жоопторду жана сунуштарды эске алып, төмөндөгүлөрдү сунуштайт: 1. 2017-жыл – Кыргыз Республикасында “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата өмүрү жаштарга өрнөк болгон устатыбыз, профессор М.Назаровдун урматына уюштурулган “IX Назаровдук окууга” арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын ишмердүүлүгү өзгөчө маанилүү иш чара экендиги белгиленсин; 2. Салтка айланып калган “Назаровдук окуу” илимий-практикалык конференциясын адаттагыдай эле жыл сайын өткөрүп туруу менен, анын географиялык аймагын кеңейтүү эске алынсын; 3. Профессор М.Н.Назаровдун илимий методикалык эмгектеринин электрондук вариантын түзүү жана аны www.okuma.kg сайтына жайгаштыруу ишке ашырылсын; 4. Кыргыз-Өзбек университетинин базасында өткөрүлгөн “IX Назаровдук окууга” арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктары массалык маалымат каражаттарына чагылдырылсын; 5. Өткөрүлгөн конференциянын масштабы мектеп окуутуучулары райондук билим берүү башкармалыктардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен кеңейтилсин; 6. М.Назаровдук окууга арналган илимий-практикалык конференцияда чыгаан окумуштуулардын илимий баяндамалар менен катышуусу; илимий эмгектеринин жыйынтыктары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүсү сунушталсын; 7. IX Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын секцияларында угулган жана талкууланган, мыкты деп табылган илимий макалаларды Кыргыз-Өзбек университетинин “Илим. Билим. Техника” журналына басып чыгарууга сунушталсын. Назаровдук окууга арналган аймактык илимий-практикалык конференциянын секцияларында угулган жана талкууланган, мыкты деп табылган илимий макалаларды Кыргыз-Өзбек университетинин “Илим. Билим. Техника” журналына басып чыгарууга сунушталсын.