2025-жылдын 13-16-февраль күндөрү МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к. Калбекова М.Ж., улук окутуучу Эгемназарова А.Ж ФерПИге иш сапары менен барышып, конок лекцияларды өтүп келишти. Физика предметинин бардык бөлүмдөрү боюнча лабораториялык кааналарында иш тажрыйбалары менен бөлүшүштү.
2025-жылдын 13-16-февралында ФерМУнун чакыруусу менен ОшМУнун МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к. Калбекова М.Ж., улук окутуучу Эгемназарова А.Ж. иш сапары менен барып келишти. Бакалавр адистигинин студенттеринин мобилдүүлүгүн ишке ашыруу, алардын жатаканада жайгашуусу боюнча да сүйлөшүүлөр болду.
2024-2025-окуу жылынын 23-апрелинен 30-апрелине чейин Ош мамлекеттик университетинин МФТИТ институтунун Жалпы физика жана ФОУ кафедрасынын окутуучулары ф.-м.и.к. Калбекова М.Ж., Макамбаева Ж.А, Молдоярова Ж.Б жана 550200 ФМББ. багытынын 1-курстарынын магистранттары, Кубатбек к У., Апсаматова Т.А. жана ФЕ(б)-1-23 тайпасынын студенттери, Абдиллаева Ш., Зергербаева Д.А. 510400 "Физика" багытынын 1-курсунун магистранты Шарипова Г.К. мобилдүүлүк боюнча Фергана мамлекеттик университетинин чакыруусу менен барып, физика кафедрасында окутуучуларына жана студенттерине конок лекцияларды окуп, сабактарга катышышып маалымат алмашып келишти.