Практиканттар үчүн чогулуш.
2025- жылдын 25- октябрында ЭТФ кафедрасынын 2- курсунда окуган магистранттар менен илимий- изилдөө практикасынын өтүшү боюнча чогулуш болуп өттү. Чогулушка ЭТФ кафедрасынын жалпы жамааты жана МФТИТ институтунун директору, доцент Азимов Б. А., директордун магистратура жана PhD докторантура боюнча орун басары, доцент Оморалиева Г. А. катышты. Практика өтөө мезгилиндеги кыйынчылыктар, отчетторду жазуунун, күндөлүктөрдү толтуруунун жол жоболору боюнча маселелер каралды.





Конференциянын жыйынтыгы
ФЕ(м)-1-22 группасынын магистрлери менен илимий -педагогикалык конференциянын жыйынтыгы боюнча конференциянын болуп өттү. Конференцияны ЭТФ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к., доцент М.Ч. Осконбаев ачып, андан кийин ЭТФ кафедрасынын профессору, ф.-м.и.д., профессор Ы.Ташполотов сүйлөдү. Практиканын жүрүшү, өзгөчө илимий багыттагы жүргүзүлгөн иштер тууралуу маалымат берди.
Физикалык кече
510400 «Физика» адистигинин 1-курсунун магистрантты Райкан Абдимиталипова «Физикалык кече» аттуу иш чараны Кара-Суу районундагы ОшМУнун гимназиясында өткөрдү. Бир нече физикалык эксперименттер көрсөтүлүп, окуучулар жооп беришип, жообуна белек алышты. Кечеге ЭТФ кафедрасынын башчысы, доцент М.Ч. Осконбаев, кафедра кызматкерлери Турдали кызы Назик жана Жаңыбай кызы Дияна катышты. 13.04.2023.