
АССТ кафедрасынын жалпы жамааты Саламаттыкты сактоодогу информатика программасында билим алып жаткан студенттердин ата-энелери менен онлайн жолугушту. Жолугушуу ар жылы салттуу түрдө уюштурулса бул жылы пандемияга байланыштуу онлайн уюштурулду. Жолугушуунун максаты ата-энелер менен тыгыз иш алып барып, билим берүүнүнүн сапатын жогорулатуу боюнча пикир алмашуу. Жолугушууда программанын материалдык техникалык базасы, практикаларды уюштуруу, аккредитация боюнча түшүнүк берүү жана башка ар түрдүү маселелер каралды.

АССТ кафедрасынын жалпы жамааты Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия программасында билим алып жаткан биринчи курстун студентеринин ата-энелери менен онлайн жолугушуу уюштурду. Иш чарада АССТ кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.к. доцент Уларбек Молдояров Саламаттыкты сактоодогу информатика жана биомедициналык инженерия программасы жана бул программаны аяктаган бүтүрүүчүлөрдүн эмгек ишмердүүлүгү боюнча кеңири баяндама жасады. Андан сырткары жолугушууда ата-энелер кызыккан суроолоруна жоопторду алышты.

