Фергана политехникалык институтунан 2 окутуучу, 20 студент мобилдүүлүк программасы алкагында ИСТ адистигине кыска мөөнөткө келишти. Жогорку математика кафедрасынын PhD докторлору Файзуллаев Жамшид Исмоилжонович жана Умронов Элдор Турсунович биздин агай эжекелер менен жолугушуп, алдыда мобилдүүлүктү өркүндөтүү боюнча сүйлөштүк. Андан сырткары келген студенттер сабактарга катышып, факультетке экскурсия жасашты.
ИСП кафедрасынын ИСТ адистигинин студенти Камбаралы кызы Айзирек Сивас шаарында 2022-2023-окуу жылынын күзгү семестринде мобилдүүлүктө болду. Сивас Жумхуриет университетинин Iktisadi ve Idari bilimler fakültesi Yonetim bilişim sistemleri бөлүмүндө окуду.Ал бөлүм биздин окуган бөлүм сыяктуу эки багыттуу экономика жана программалоо багытын ичине камтыйт.Окуу убагында көптөгөн жаңы досторду арттырып ,жаңы мугалимдер менен таанышып келди.. Окуу менен бирге Түркиянын башка шаарларын көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.