Математика, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүү менеджменти (МИОТжББМ) кафедрасы “Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар" институтундагы негизги профилдештирүүчү кафедралардын бири. Кафедранын нормативдик-укуктук базасы жогорку кесиптик билим берүүнүн эки баскычтуу системасынын талаптарына толук жооп берет.
Кафедранын миссиясы: Окутуунун кредиттик технологиясынын шарттарында сапат кепилдигин камсыз кылуу менен жалпы билим берүүчү, орто жана жогорку кесиптик мектептинкомпетенттүү математика жана информатикамугалимдерин жана менеджерлерин,илимий кызматкерлердидаярдоо; билим берүүгө компетенттүү мамилени жүзөгө ашыруу багытында илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү.
Максаттары:
1. Кафедра профилдештирүүчү төмөнкү багыттар жана программалар боюнчасапаттуу билим берүүнү жүзөгө ашыруу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүү:
Бакалавриат: «Физика-математикалык билим берүү»
Магистратура :
· «Физика-математикалык билим берүү»
Аспирантура :
13.00.02.- Окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана методикасы (математика)
2. Кафедранын профилдештирүүчү дисциплиналарды мамлекеттик билим берүү стандартынын талаптарына ылайык окутууну уюштуруу;
3. Окутуунун заманбап инновациялык технологияларын колдонуу мененсапаттуу билим берүү;
4.Кафедранын окутуучуларынын квалификацияларын жогорулатуусуна, өзүнүн үстүнөн иштөөсүнө, тажрыйба алмашуусуна жетишүү;
5.Билим берүүгө компетенттүү мамилени жүзөгө ашыруу багытында илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктарын билим берүүдө колдонуу;
6. Бакалаврларды жана магистранттарды даярдоодо мобилдүүлүктү ишке ашыруу;
7. Рыноктук экономиканын шарттарында “Агартуу Академиясы” коомдук фондунун алкагында киреше алып келүүчү иш-аракеттерди уюштуруу.
Кафедранын дареги:
723500,КыргызРеспубликасы,Ош ш., Ленин к., 331, ОшМУнун башкы корпусу.
Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институту. Математика,
информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасы,
233-каб.
Телефон: 0(3222) 7-11-81, 0771-05-63-00.Веб-сайт: www.oshsu.kg ,
E-mail:
attokurovanarkan@rambler.ru
, elnuraavazova@mail.ru