Билим берүү тармагындагы жаңылануулар шартында болочок башталгыч класс мугалимдерин кесипке даярдоо"

2023-04-27 10:18:54 399

2023-жылдын 25-апрель күнү А.Мырсабеков атындагы Ош мамлекеттик педагогикалык университети менен биргеликте USAIDдин "Окуу керемет!" долбоору "Билим берүү тармагындагы жаңылануулар шартында болочок башталгыч класс мугалимдерин кесипке даярдоо" аталышында илимий-практикалык конференция өткөрдү. Бул конференция төмөндөгүдөй маселелерди чечүүгө багытталды:  башталгыч класстардын мугалимдерин кесиптик даярдоонун мыкты тажрыйбаларын жалпылоо жана жайылтуу,  жаңы билим берүү стандарттарын ишке ашыруу шарттарында университеттерде жана колледждерде башталгыч класстардын мугалимдерин кесипке даярдоо программаларын жакшыртуу,  мектептерде педагогикалык практикаларды уюштурууну жана өткөрүүнү жакшыртуу,  башталгыч класстарда окутуу методикасы жаатында ЖОЖдордун жана колледждердин профессордук окутуучу курамынын потенциалын өнүктүрүү;  колледждер жана ЖОЖдор (максаттуу кафедралар)арасында кесиптик өз ара аракеттенүүнү жана тажрыйба алмашууну уюштуруу Бул долбоордун мастер-тренери, МИТ факультетинин доценти Борбоева Г.М. мектептин башталгыч класстарынын мугалимдеринин математикалык билимдерин, математиканы окутуу методикасын жогорулатууга жакындан жардам берип келе жатат жана ал аталган конференцияда доклад окуп келди.