Магистратура

       Магистратура – бул уюштуруучулук-башкаруучулук, аналитикалык, долбоорлук-экономикалык, илимий-изилдөөчүлүк жана педагогикалык иш – аракетке адистерди даярдоого багытталган жогорку кесиптик билим берүүнүн экинчи деңгээли. Магистрлер илимий маалымат алуунун заманбап информациялык технологияларынан кабары бар жана негизги илимий методологияга ээ болушу керек.            
Магистрдик диплом – бул илимий карьеранын башаты гана эмес, жетекчилик кызматтарга жана престиждүү жумушка орношуудагы негизги конкуренциялык артыкчылык.             
ОшМУда, анын ичинде МИТ факультетинде магистр даражасын алуу программасынын нормативдик мөөнөтү – 2 жыл. Магистратурага тапшыруу үчүн абитуриент тиешелүү багыт боюнча “бакалавр” академиялык даражасы же тектеш адистик боюнча “адис” квалификациясы ыйгарылган жогорку кесиптик билимге ээ болушу керек. Магистрлерди адистештирип даярдоонун эки жылдык программасы окуу процессиндеги индивидуалдаштырууну камсыз кылат. Полной обзор партнерки Play Attack, который представлен на сайте https://www.gamecasinos.ru/affiliate-programs/playattack/ , погрузит вас в мир онлайн гэмблинга и ознакомит с трепещущими моментами и тонкостями для вебмастеринга.    
Магистр даражасын алууга умтулган студент үчүн негизги жетектөөчү документ болгон жекече окуу планы түзүлөт. Бул планда магистранттын адистешүүсү, окуунун көлөмү жана мөөнөтү, аттестациянын формасы жана магистрдик диссертациянын темасы көрсөтүлөт.      
Магистрдик диссертация илимий жетекчинин жетекчилигинде иштелип чыгат. Эгерде магистрдик диссертация илимий багыттардын айкалышында жазылса, анда эки илимий жетекчи дайындалышы мүмкүн. Магистратураны аяктагандан кийин магистрлер аспирантурада жана PhD докторантурада окуусун уланта алышат. Магистранттарды даярдоо күндүзгү формада окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен ишке ашырылат. Окуу мөөнөтү 2 жыл. Биздин факультетте жалпысынан 7 багытта, 9 программада окутуу жүргүзүлөт. Факультеттин магистратура бөлүмүн Колдонмо математика, информатика жана графикалык дизайн кафедрасынын окутуучусу, аспирант Бекмурза уулу Ыбадылла жетектөөдө.