2018-2019-окуу жылында Математика жана информациялык технологиялар факультетинин 1-курсуна эки баскычтуу “Бакалавр - Магистр” системасы боюнча төмөнкү багыттар жана адистиктер боюнча абитуриенттер кабыл алынат.
Факультеттин адистиктери
Күндүзгү окуу бөлүмүндө - 4 жыл, сырттан, дисттанттык жана кечки окуу бөлүмүндө - 5 жыл. Бакалавриатты аяктаганда "БАКАЛАВР" академиялык даражасы ыйгарылат. Факультеттин бардык багыттарына кабыл алуу Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты менен жүргүзүлөт:
1. Негизги тест 2. Кошумча тест: Математика же физика.
Даярдоо багыттары:
«Маалымат коопсуздугу» .
Магистратура
Окуу мөөнөтү:
Күндүзгү окуу бөлүмүндө - 2 жыл, сырттан, дистант-тык жана кечки
окуу бөлүмүндө - 3 жыл. Магистратураны аяктаганда "МАГИСТР" академиялык даражасы ыйгарылат.Кирүү экзамендери: Адистик боюнча
экзамен.
Даярдоо багыттары:
Кесипке багыттоо боюнча суроолор
1. ОшМУнун жогорудагы көрсөтүлгөн адистиктеринин бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө кантип тапшырууга болот? Жооп: Жогорудагы көрсөтүлгөн бакалавр багытынын бюджеттик жана контракттык бөлүмдөрүнө тапшыруу үчүн негизги жана кошумча тесттеги баллдары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги белгилеген босоголук (пороговый) баллдардан кем эмес б.а. негизги тест: 110 баллдан, кошумча тест: 60 баллдан кем эмес болуш керек.
Эгерде Сиздин билимиңиз босоголук баллга жетпей калса, билимге болгон умтулууңузду өчүрбөстөн колледжди тандаңыз.Себеби, Сиздин билимиңиз (толук эмес – 9-класс, толук – 11-класс) сапаттуу кесиптик орто билим (колледж) менен толукталып, түздөн-түз жогорку билимге (бакалаврга) 2-курстан улантууга жол ачылат.