• Наука
  • Научные направления

Научные направления

3. Факультеттин илимий багыттары, темасы, каттоо карточкасы (№, бекитилген күнү), алынган жыйынтыктар, практикада колдонулушу

Факультеттеги кафедраларда төмөнкүдөй 12 тема боюнча илимий багыттар аныкталып, ийгиликтүү иштерди алып барышууда:

Кафедра

Илимий багытынын темасы

Каттоо карточкасы

1.

Алгебра жана геометрия

1-тема. Евклиддик мейкиндиктеги бөлүктөп чагылтуулар, торчолор жана бөлүштүрүүлөрдүн геометриясы, фракталдык геометриянын учурдагы маселелери.

Жетекчиси : ф.-м.и.д., профессор Матиева Г.

2-тема. Структуралык жалгаштыруу методу жана бисингулярдуу козголгон дифференциалдык теңдемелери үчүн жалпыланган методу.

Жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор Алымкулов К.

3-тема . “Окутуунун жаңы жана компьютердик технологияларынын жардамында болочок мугалимдердин мейкиндик ой жүгүртүүлөрүн өстүрүүнүн дидактикалык негиздери”.

Жетекчиси : ф.-м.и.д., профессор Матиева Г.

№ 0007525, 01.01.2018-31.12.2023

2.

Матанализ

1-тема. Сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдерин изилдөө жана аларды прикладдык маселелерде колдонуу.

Жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор Каримов C.

2-тема: “Фредгольм-Стилтьестин биринчи түрдөгү жана Вольтеррдин үчүнчү түрдөгү интегралдык теңдемелери”.

Жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. А. Асанов

№0005725,

12.04.2012

3.

Программалоо

1-тема. Төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу теңдемелер үчүн локалдык жана локалдык эмес маселелер

Жетекчиси: ф.-м.и.д., профессор Сопуев А.

2-тема. Окутуунун интерактивдүү методдорун иштеп чыгуу

Жетекчиси – ф.-м.и.д., проф. Cопуев А .

№ 0007520 01.01.2018-31.12.2023

4.

МИОТжББМ

1-тема. Мектептик жана кесиптик билим берүүгө компетенттүү мамиле.

Жетекчиси: п.и.к., доцент Аттокурова А. Дж.

0007482,

01.01.2017-31.12.2022

5.

Информатика

1-тема. Билим берүүдө жана илимий-изилдөөлөрдө информациялык-коммуникациялык технологияларды колдонуу

Жетекчиси: ф.-м.и.к., доцент Ободоева Г.С.

2-тема. Үчүнчү жана төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу дифференциалдык теңдемелер үчүн чек аралык маселелер.

Жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. Турсунов Д.А.

0007108,

01.01.2014 – 31.12.2018

6.

Жогорку математика

1-тема. Жогорку окуу жайларда математиканы кесиптерди өздөштүрүү каражаты катарында окутууга ылайыкташкан окуу китептерин түзүү.

Жетекчиси: ф.-м.и.к., доцент Мамаюсупов М.Ш.

0007191,

01.01.2016-31.12.2020

7.

ИТАС

1-тема. Краевые задачи для уравнений в частных производных третьего и четвертого порядков.

0007504,

01.01.2016-31.12.2020

Жалпы

12 тема

МИОТ жана ББМ кафедрасынын каттоо баракчасы 01.01.2017-31.12.2022 мөөнөтү узартылган. Ар бир жыл үчүн илимий-изилдөө иштеринин планын түзүлөт жана аткарылышы көзөмөлдөнөт. Кафедранын илимий-изилдөө иштеринин каттоо карточкасы 31-декабрь 2022-жылга чейин түзүлүп бекитилген, ар бир окутуучунун илимий-изилдөө ишинин темасы көрсөтүлгөн. Илимий-изилдөө иштеринин импакт-факторунун көрсөткүчүн жогорулатуу эске алынды. Кафедрада 5 илимий багыттарда иш алып барылат.

Кафедранын илимий багыттары төмөндөгү таблицада көрсөтүлдү

Мектептик жана кесиптик билим берүүгө компетенттүү мамиле

Аткаруу мөөнөтү

башталышы

бүтүшү

1. Педагогикалык багыттагы (бакалавриат, магистратура) программаларын окутуунун натыйжаларын проектирлөө;

2. Окутуунун кредиттик технологиясынын шарттарында келечектеги математика мугалимдеринин компетенттик-маанилүү сапаттарын калыптандыруу ;

3. Дидактические основы компетентностного подхода в проектировании системы подготовки школьников к математическим олимпиадам (на примере математики V-ΧI классов);

4. И. Бекбоевдин илимий-методикалык эмгектери, анын математикалык билим берүүдө колдонулушу;

5. Компетенттүүлүккө багытталган билим берүү шарттарында жалпы билим берүүдөгү профилдик жана жогорку мектептер үчүн математика жана информатика боюнча окуу-методикалык колдонмолорду иштеп чыгуу.

01.01.2017

20.11.2011

21.09.2015

10.11.2014

01.01.2017

31.12.2022

31.12.2020

31.12.2022

31.12.2019

31.12.2022

Алынган жыйынтыктар:

- илимий багыттарында иш аткаруунун мазмунуна ЖОЖ компоненттеринин, педагогикалык практиканын, элективдүү курстардын программасын иштеп чыгуу,

- алардын окуу-методикалык комплекстерин түзүү,

- орто мектептин мугалимдерине жана пед. окуу жайлардын окутуучуларына жалпы жана предметтик стандарттарды колдонуу боюнча тренинг-семинарларды уюштуруу,

- компетенттүүлүктөрдү калыптандыруучу окутуу технологиялары, ошондой эле интерактивдүү досканы ж.б. мультимедиа каражаттарын, информациялык технологияларды колдонуу боюнча тренинг-семинарларды уюштуруу,

- мугалимдер үчүн окуу-методикалык материалдарды (сабактардын иштелмелерин, компетенттүүлүккө багытталган тапшырмалардын, олимпиадалык маселелердин жыйнагын, окутуу технологиялары жана класстан тышкаркы иштер боюнча окуу-колдонмолор) түзүү ж.б. жумуштар кийирилген.

- Ошондой эле аспиранттардын илимий-изилдөөсүнө карата эксперимент иштери, темага ылайык макалаларды чет элдик журналдарда жарыялоо иштери да пландаштырылган. - ФМББ багытынын “Математика” профили үчүн окуу-методикалык камсыздалыштын сапаты жакшырат. (ЖОЖ компонент) жана тандоо курстары үчүн окуу-методикалык колдонмолор түзүлөт.

Программалоо кафедрасында 2019-жылы кафедранын профессору А. Сопуев жана доценттер Н.К. Аркабаев, А.М. Токторбаевдер профессор К. Алымкулов жетектеген «Структуралык жалгаштыруу методу жана бисингулярдуу козголгон дифференциалдык теңдемелери үчүн жалпыланган методу» аталышындагы гранттык темада аткаруучу болуп изилдөө иштерин жүргүзүп келүүдө.

Программалоо кафедрасында профессору А. Сопуевдин жетекчилиги менен “Төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу теңдемелер үчүн локалдык жана локалдык эмес маселелер” темасында илимий иш алып барылат. Аткаруучулар: Аркабаев Н.К., Абдумиталип у К., Нуранов Б., Бекмаматов З. (БатМУ). Бул тема КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 01.01.2018 каттоодон өткөн: каттоо № 0007520. Илимий-изилдөө иштери 2019-2023-жылдар үчүн пландалган.

Төртүнчү тартиптеги жекече туундулуу курама жана гиперболалык теңдемелер үчүн чек аралык маселелер боюнча алынган жыйынтыктар төмөнкү макалада жарыяланды:

A.Sopuev, S. Babaev, Z.M. Bekmamatov Revisiting the mixed problem for equations of compound end hyperbolic types of order four // Growth poles of the global economy: emergence, changes and future perspectives. Lecture notes in networks and system 73, V.1. pp. 725-736,

https://doi.org/10.1007/978-3-030-15160-7_73 .

Аралаш төртүнчү тартиптеги парабола-гиперболалык теңдемелер үчүн чек аралык маселелер боюнча алынган жыйынтыктар 2019-жылдын 24-26-октябрында Ташкент шаарында болуп өткөн Өзбек-Россия илимий конференциясында доклад кылынды жана анын тезиси жарыяланды:

Сопуев А., Абдумиталип уулу К. Краевые задачи для уравнения смешанного параболо-гиперболического типа четвертого порядка // Тезисы докладов Узбекско-научной конференции. Ташкент, 24-26 окт. 2019, - С. 127-129.

Алгебра жана геометрия кафедрасында профессор Г. Матиеванын жетекчилиги менен “Евклиддик мейкиндиктеги бөлүктөп чагылтуулар, торчолор жана бөлүштүрүүлөрдүн геометриясы, фракталдык геометриянын учурдагы маселелери” темасында илимий иш алып барылат. Аткаруучулар: Борбоева Г.М., Папиева Т.М., Курбанбаева Н. Артыкова Ж.А., Мустапакулова Ч.А., Каныбек кызы А. ж.б.

Алынган жыйынтыктар:

- Геометриялык фракталдарды PowerPoint программасында түзүүнүн кадамдары студенттер үчүн жеткиликтүү жана жеңил боло тургандай иштелип чыгылды.

- Жалпак (тегиздиктеги) геометриялык фракталдарды түзүүгө берилген маселелер Б. Блумдун таксономиясына ылайык келтирилип түзүлдү. Ар бир маселенин беш баскычын удаалаш аткаруу процессинде студенттин ой жүгүртүүсү мурдатан өздөштүргөн маалыматты эске түшүрүүдөн баштап эң жогорку деңгээлге көтөрүлүшүнө шарт түзүлөт.

- Мейкиндик фракталдын бул же тигил тегиздиктердеги проекциялары белгилүү болсо, анда ушул проекцияларынын жардамында мейкиндик фракталдын өзүн түзүү маселеси да студенттерден жогорку деңгээлдеги мейкиндик ой жүгүртүүнү талап кылган маселе болуп эсептелет жана отчеттук мезгил ичинде ушундай маселелердин топтому иштелип чыгылды.

- Мейкиндик фракталдын моделин алуу үчүн компьютердик программа түзүлдү (программа тиркелет).

- Студенттер үчүн мейкиндик ой жүгүртүүнү өстүрүүгө өбөлгө түзө тургандай сабактардын компьютердик технологияларды колдонуу менен иштелмелери даярдалды жана видео-сабактардын топтому түзүлдү.

Кафедранын профессору Г. Матиеванын жетекчилигинде “Окутуунун жаңы жана компьютердик технологияларынын жардамында болочок мугалимдердин мейкиндик ой жүгүртүүлөрүн өстүрүүнүн дидактикалык негиздери” аттуу илимий тема Кыргыз Республикасынын илим жана илимий-техникалык изилдөөлөр башкармалыгы тарабынан каржыланган. Бул илимий теманын жыйынтыктары боюнча профессор Матиева Г. жана доцент Папиева Т.М. 24-декабрь күнү Бишкек шаарында отчет тапшырышты.

Математикалык анализ кафедрасынын окутуучулары 2 илимий багыт боюнча илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп келет.

I. Профессор С.К. Каримовдун жетекчилиги менен “Сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер” багытындагы илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт. Бул багытта доцент Г.М. Анарбаева, профессор К.С. Алыбаев, ага окутуучулар: М.М. Маматкулова, А. Акматов, А. Абдилазизовалар илимий-изилдөө иштерин улантууда.

Бул багытта Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан каржыланган «Сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечимдерин изилдөө жана аларды прикладдык маселелерде колдонуу» темасындагы проект боюнча илимий изилдөө иши жүргүзүлдү. Жетекчи: ф.-м.и.д., профессор Каримов С.К., аткаруучулар: ф.-м.и.к.,доценттер Анарбаева Г.М., Тойгонбаева А.К., ага окутуучулар Маматкулова М.М., Камбарова А.Д., Акматов А.А., Абдилазизова А.А.

Көптөгөн физикалык маселелердин чечилиши дифференциалдык теңдемелерге келтирилет. Тактап айтканда жөнөкөй чөйрөдө газдын трубадагы кыймылы жөнүндөгү маселе, кванттык физиканын маселелери жана башка ушул сыяктуу физикалык процесстерди изилдөө сингулярдык козголгон маселелерди чечүүгө келтирилет. Четки маселелер чектик жана баштапкы болуп эки бөлүктөн турат. Экинчи бөлүккө сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер үчүн баштапкы маселелер кирет. Бул жүргүзүлгөн жумуштардагы изилдөөлөр математиканын теоретикалык өнүгүүсү үчүн актуалдуу болуп саналат. Ошондуктан, сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелердин чечиминин асимптотикасын изилдөө проблемасы актуалдуу проблемалардан болуп эсептелинет.

Сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелердин системасынын чечиминин асимптотикалык баалоодо «деңгээл сызыктар», «уюлдук координаталарга өтүү» б.а «координаталар методу», «удаалаш жакындашуулар» жана «индукция методдору колдонуу менен сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелер жана теңдемелер системасы үчүн баштапкы маселенин чечиминин туруктуулугу изилденген.

Изилдөө иштеринин жыйынтыгында өздүк маанилердин жалпыланган учурларында сингулярдык козголгон теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикалык баасы алынып, сингулярдык козголгон дифференциалдык теңдемелер системасынын чечимин өзгөчө критикалык учурларда асимптотикалык баалоо жүргүзүлгөн. Ошондой эле сызыктуу жана сызыктуу эмес сингулярдык козголгон кадимки дифференциалдык теңдемелер үчүн коюлган баштапкы маселенин туруктуулугу изилденген; туруктуулук шарты бузулган учурда кичине параметрди кармаган кадимки дифференциалдык теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикасы тургузулган; туруксуз областта сингулярдык козголгон сызыктуу дифференциалдык теңдемелер системасынын чечиминин асимптотикасы изилденген.

II. Доцент А.К. Тойгонбаева жана улук окутуучу А.Д. Камбарова ф.-м.и.д., профессор А. Асановдун жетекчилигинин астында “Фредгольм-Стилтьестин биринчи түрдөгү жана Вольтеррдин үчүнчү түрдөгү интегралдык теңдемелери” багытындагы илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

Илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн натыйжасында кафедрада эмгектенип жүрүп кандидаттык жана доктордук диссертацияларын С.К. Каримов (1984, Киев), К.С. Алыбаев (1995, Бишкек), Г.М. Анарбаева (1993, Бишкек), Д.А. Турсунов (2005, Бишкек), М.А. Азимбаев (2010, Бишкек), А.К. Тойгонбаева (2015, Ош) ийгиликтүү коргошкон.

Кафедра мүчөлөрдүн илимий-изилдөө иштеринин алынган жыйынтыктары кафедранын алдында уюштурулган студенттер, аспиранттар, окутуучулар үчүн өткөрүлүүчү илимий семинарда талкууланып, регионалдык, республикалык, эл аралык илимий симпозиум, конференцияларда баяндалып, илимий жыйнактарда, журналдарда 200дөн ашуун илимий макалалар, 2 монография жарыкка чыккан.

Информациялык технологиялар жана автоматташтырылган системалар (ИТАС) кафедрасында төмөндөгүдөй темалардын үстүнөн илимий иштер алып барылды:

Доцент Чамашев М.К.

Темасы: Төртүнчү тартиптеги гиперболикалык теңдемелер үчүн локалдык эмес жана тескери маселелер.

Максаты: төртүнчү тартиптеги дифференциалдык теңдемелер үчүн локалдык эмес чек аралык маселелердин чечимдеринин жашашын жана жалгыздыгын, туруктуулугун классикалык, сандык методдор менен далилдөө, сандык чечимдерин алуу жана графиктерин туругузуу, алынган жыйынтыктарды практикалык маселелерди чечүүдө колдонуу.

Доцент Беделова Н.С.

Темасы: «Вольтер-Стилтьестин үчүнчү түрдөгү интегралдык теңдемесинин чечиминин жалгыздыгы жана регуляризациялоо»

Максаты:

- Вольтер-Стилтьестин үчүнчү түрдөгү сызыктуу интегралдык теңдемелеринин жана алардын системаларынын чечиминин жалгыздыгынын жетишээрлик шартын алуу;

– Волтер-Стилтьестин үчүнчү түрдөгү сызыктуу эмес интегралдык теңдемелеринин жана алардын системаларынын чечиминин жалгыздыгынын жетишээрлик шартын алуу;

– Вольтер-Стилтьестин үчүнчү түрдөгү сызыктуу интегралдык теңдемелеринин жана алардын системалары үчүн регуляризациялоо операторун түзүү;

– Вольтерра-Стилтьестин үчүнчү түрдөгү сызыктуу эмес интегралдык теңдемелеринин жана алардын системалары үчүн регуляризациялоо операторун түзүү.

Доцент Кудуев А.Ж.

Темасы: Мультивейвлеттерди колдонуу менен санариптик маалыматтарды иштеп чыгуу алгоритмин оптималдаштыруу.

Максаты: Санариптик информацияларды иштеп чыгуунун мультивейвлет алгоритмдерин талдап иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу

Доцент Атырова Р. С.

Темасы: Жергиликтүү базальтты колдонуу менен керамикалык материалдардын жана жасалгалардын технологиясын иштеп чыгуу.

М аксаты: Жергиликтүү базальтты колдонуу менен керамикалык материалдардын жана жасалгалардын технологиясын изилдөө жана иштеп чыгуу.

Информатика кафедрасында “Билим берүүдө жана илимий-изилдөөлөрдө информациялык-коммуникациялык технологияларды колдонуу” багытында илимий-изилдөө иштери жүргүзүлөт:

Максаты :

– Электрондук-информациялык ресурстарды иштеп чыгуу;

– Информациялык-коммуникациялык технологиялардын жардамында билимдерди текшерүүчү программаларды иштеп чыгуу;

– Прикладдык маселелерди чечүүнүн методдорун жана алгоритмдерин иштеп чыгуу;

Болочоктогу математика жана информатика мугалимдеринин кесиптик ишмердүүлүгүндө компьютердик технологияларды колдонуунун методдорун изилдөө.

Жогорку математика кафедрасында профессор М. Мамаюсупов Кыргыз Республикасынын мамлекеттик максаттуу программасында катталган (№ 0007191, 12.04.16) “Орто мектептерде жана ЖОЖдордо математиканы чөйрө таануу жана кесиптерди өздөштүрүү каражаты катарында окутуунун илимий негиздерине карата окуу китептерин түзүү” илимий багытын жетектеп, жогорку окуу жайларда математиканы кесиптерди өздөштүрүү каражаты катарында окутууга ылайыкташкан окуу китептерин түзүү боюнча темасында илимий иш жүргүзөт. Кафедрада жогорку окуу жайларда математиканы кесиптерди өздөштүрүү каражаты катарында окутууга ылайыкташкан окуу китептерин түзүү боюнча илимий иш жүргүзгөндөр: Д. Кедейбаева. У. Сопуев. А. Абдукаимова. А. Абдрасулова ж.б.

Алынган жыйынтыктар:

- Жогорку математика боюнча 5 томдуктан турган китеп басылып чыкты. Томдуктарды түзүүчүлөрдүн, окутуучулардын жана студенттердин катышуусунда кенири талкуулар өткөрүлүп, математиканы 6 кредитке чейин окуган “табигий” жана “гуманитардык ” багыттагы кесиптерге кыскартылган варианттары иштелип чыгып электрондук жана басылма вариаттарда кенири колдонууга сунушталды. (М. Мамаюсупов)

- Студенттер жана окуучулар үчүн М.Мамаюсупов агайдын 8 окуу китеби басмадан чыгарылды.

- Мектеп окуучулар үчүн математика боюнча 7-8-класстардын окуу китеби даярдалууда. (М. Мамаюсупов)

- Гуманитардык багыттарда окуган студенттер үчүн окуу методикалык комплекс даярдалып басмадан чыгарылды. (А. Абдрасулова)

- Юриспруденция адистиги үчүн “Ыктымалдуулуктар теориясы” боюнча окуу методикалык комплекс даярдалууда. (Д. Кедейбаева)

- Гуманитардык багыттар үчүн жогорку математика боюнча окуу китеби чыгарылды (У. Сопуев)

- Орто мектептин математика курсу боюнча мисал-маселелерди чыгарууну системалаштыруу боюнча окуу китеби (Э. Мамазияева)

- Билимдердин өзгөчө түшүнктөрүн калып-тандырууда түрдүүчө психолого-дидактикалык таяныч механизмдерин пайдалануу боюнча окуу китеби (Э. Мамазияева)