7. Факультеттин мүчөлөрүнүн диссертациялык кеңештердин иштерине катышуусу
Алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору Алымкулов К. Бишкектеги КУИАнын математика институту жана Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Д 01. 17. 560 диссертациялык кеңештин мүчөсү катары, ал эми профессор Матиева Г. ОшМУнун, КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жаратылыш ресурстары институтунун жана Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы К 01.17.554 Диссертациялык кеңештин төрайымы, доцент Папиева Т.М. бул кеңештин мүчөсү катары жогорку квалификациядагы илимий кадрларды даярдоого өз салымдарын кошуп келүүдө. Учурда бул Диссертациялык кеңеш “Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу”, “Геометрия жана топология” жана “Конденсирленген абалдардын физикасы” адистиктери боюнча кандидаттык диссертацияларды жактоо боюнча иш алып барып жатат.
Ошондой эле кафедранын профессорлору Матиева Г. жана Алымкулов К. бир нече кандидаттык, доктордук диссертациялардын авторефераттарына сын пикирлер жазышты жана эксперттик комиссиянын курамында иш алып барышты.
Турсунов Д.А. ОшМУнун диссертациялык кеңешине үзгүлтүксүз катышты, 2 кандидаттык диссертацияга оппонент болду.
Программалоо кафедрасынын башчысы, ф.-м.и.д., профессор А. Сопуев ОшМУдагы К 01.17.554 Диссертациялык Кеңешинин бардык отурумдарындагы корголгон диссертацияларга мүчө катары катышты. Факультеттин деканы, доцент У. Сопуев “Регуляризация и единственность решений линейных интегралных уравнений фредгольма первого рода в не ограниченных областях” Ж. Орозматованын диссертациялык ишине оппонент болду.
Факультеттеги диссертациялык кеңештердин иштери боюнча маалымат.(2022-жыл үчүн)
Алгебра жана геометрия кафедрасынын профессору, КР илимине эмгек сиңирген ишмер, КР УИАнын мүчө-корреспонденти, ф.-м.и.д., профессор Келдибай Алымкулович жетектеген «Математиканын учурдагы маселелери жана анын колдонулуштары» аттуу темадагы аймактык илимий семинары республикабыздын түштүк региону боюнча өз ишин ийгиликтүү алып келген. Профессор К.Алымкуловдун мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, учурда бул семинар “Профессор К. Алымкулов атындагы илимий семинар” аталып, өз ишин улантууда.
Семинарга ОшМУнун, ОшТУнун, КУУнун, ЖАМУнун, БатМУнун илимпоздору катышып келишет. Семинардын ишинин натыйжасында математикалык анализ кафедрасынын изилденүүчүлөрү Камбарова А.Д., Абдилазизова А.А. кандидаттык диссертацияларын коргошту.
№ |
Темасы |
Баяндамачы |
Мөөнөтү |
1. |
Об асимтотике скачка в одной химической задаче |
КР УИАнын мүчө-корр., проф. Алымкулов К., проф. Кожобеков К.Г., проф. Турсунов Д., доц. Азимов Б. |
11.01.2022 |
2. |
Решение краевой задачи для уравнения третьего порядка с младшими членами, построением фунции грина |
Наманган инженер курулуш университетинин профессору, ф.-м.и.д., проф. Апаков Ю.П. |
11.01.2022 |
3. |
Сингулярдык козголгон тендемелер теориясындагы топологиялык методдор |
ф.-м.и.д., проф. К.С. Алыбаев, Т.К.Нарымбетов, ф.-м.и.д., проф. К.Б. Тампагаров |
11.01.2022 |
Геометрическая теория синглулярно возмущенного уравнения бернулли с точкой перевала |
жогорку математика кафедрасынын окутуучусу Матанов Ш. |
28.05.2022 |
|
4. |
Развитие метода дополнительного аргумента для системы нелинейных интегро-дифференциальных уравнений в частных производных |
КИИК кафедрасынын улук окутуучусу Сабыкова Г. |
10.11.2022 |
5. |
Метод вспомогательных ядер и асимптотические свойства решений вольтерровых интегро-дифференциальных уравнений на полуоси |
ИСП кафедрасынын улук окутуучусу Абдирайимова Н.А.. |
25.10.2022 |
6. |
Төртүнчү тартиптеги парабола-гиперболалык операторду кармаган теңдеме үчүн чек аралык маселелер |
ИСП кафедрасынын окутуучусу Абдумиталип уулу К. |
27.11.2022 |
7. |
Построение решения системы двух нелинейных интегро-дифференциальных уравнений в частных производных с неодинаковыми сомножителями |
КИИК кафедрасынын улук окутуучусу Сабыкова Г. |
27 .1 2.20 22 |