2019-04-25 23:23:03 1765
Бүгүн, 2019-жылдын 25-апрелинде, Т.Адышев атындагы Ош технологиялык университети, КРдин Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү жана Ош шаардык мэриясы тарабынан 2019-жыл — "Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү" жана Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына карата "Мамлекеттик тил. Илим.Технологиялар. Инновациялар" аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин II аймактык илимий-практикалык конференциясы болууда. Конференциянын алкагында "Эң мыкты долбоор" аттуу сынак жарыяланып, жыйынтыгында Ош МУнун математика жана информациялык технологиялар факультетинин ИСТ(б)-2-18 тайпасынын студенти Айтмамат уулу Дастан "Мамлекеттик тилди санариптештирүүдөгү актуалдуу маселелер" деген темада долбоор даярдап, III орунду багындырып, Ош шаардык мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыгы менен сыйланды.