МФТИТ институтунда 1-сентябрь Билим күнү белгиленди!

2025-09-06 03:55:11 119

Бүгүн, 1-сентябрда Кыргызстанда Билим күнү белгиленүүдө. Ош мамлекеттик университетинин МФТИТ институтунда өткөн жыйынга ректор Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, студенттер катышты. Кожобеков окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамын жана университеттин босогосун алгач аттап жаткан студенттерди билим майрамы жана өлкө аймагында чоң салтанат менен белгиленген Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы менен куттуктады. Ректор 2024-2025-окуу жылында университетте аткарылган иштер, ийгиликтер менен бөлүшүп, жаңы окуу жылына алдыга коюлган максаттар менен тааныштырды. “Биздин бийик максатыбыз – билим сапатын арттырып, дүйнөлүк стандарттагы төртүнчү муундагы университетке айлануу. Алдыда дагы чоң мүмкүнчүлүктөр турат. Коюлган максаттарга жетүү үчүн бирдиктүү аракет, тынымсыз изденүү жана жаңыланууга даяр болуу бүгүнкү күндүн негизги талабы”,-деди Кудайберди Кожобеков. Жыйында окуу жайдын ардактуу профессорлору С. Каримов, Г. Матиева, И. Кенжаев, Ы. Ташролотов, Ж.Эгембердиев, А. Сопуев жалпы жамаатка, университеттин босогосун алгач ирет аттап жаткан студенттерге каалоо-тилектерин жолдоду. Алдыга бийик максаттарды коюп, ага жетүүгө талыкпаган билим жана аракет жасоо керектигин белгилешти. 1-курстун студенттерин жалпы студенттердин атынан алдыңкы студенттер да куттуктап талыкпай билим алууга, келечекте мыкты, кесипкөй адис болууга чакырышты.