Германиядан келген делегация ОшМУда!

2025-09-15 05:10:15 51

Бүгүн, 10-сентябрда, Ош мамлекеттик университетине Германиянын Гамбург прикладдык илимдер университетинин делегациясы расмий сапар менен келишти. Делегация курамында профессорлор Марина Тропманн-Фрик, Мартин Шульц жана Михаэль Гилле болушту. Алар ОшМУнун ректору, профессор Кудайберди Кожобеков менен жолугушуп, эки университеттин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү багытындагы маселелерди талкуулашты. Андан соң МФТИТ институтунда GreenKG долбоору боюнча маалымат берилип, долбоордун координатору Абдыганы Абдувалиев, проректор Уларбек Молдояров, институттун директору Бектур Азимов презентация жасашты. Коноктор студенттер, магистранттар жана окутуучулар менен жолугушуу өткөрүштү. Немец тилинде суроо берип, активдүүлүк көрсөткөн студенттер аларды кубандырды. Германияда окуу, мобилдүүлүк ж.б. суроолорго жооп алышты. Ошондой эле КИИК кафедрасынын башчысы У.Эркебаев институттагы GreenKG офисинин ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Андан кийин Келечек муундун ХАБы борборунда болуп, студенттердин жасаган роботтору жана долбоорлору менен таанышып, жогору баа беришти. Сапардын жүрүшүндө делегация ОшМУнун башка факультет жана институттарын да кыдырышты.