2025-09-15 07:33:59 53
12-13- сентябрь, 2025-ж. Ош мамлекеттик университетинде КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Мейликан Алтыбаеванын 75 жаш кутман курагына жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 55 жылдыгына арналган ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ болуп өттү. Конференцияга Россия, Казакстан, Өзбекстандын жана өлкөбүздүн бардык жогорку окуу жайларынан окумуштуулар катышышты. Конференция эки күнгө созулуп, жогорку деңгээлде жыйынтыкталды. Урматтуу Мейликан Алтыбаева! Сизди 75 жаш кутман курагыңыз менен чын дилден куттуктайбыз! Сиз окумуштуу, илимпоз катары кыргыз элине эбегейсиз эмгектерди жасап, улутубуздун келечеги үчүн барандуу салым кошуп келе жатасыз. Билим берүү тармагында жаңыча көз караштар менен илим изилдеп, жаңы адистерди окутуунун жаңыча методикасын сунуштап, бул багытта бир нече эмгектерди, окуу программаларын жазып билим берүү жаатында өзгөчө ордуңуз бар. Урматтуу Мейликан Алтыбаевна, Ош мамлекеттик университетинин кадырлуу окумуштуусу катары биз Сиз менен дайыма сыймыктанабыз. Сиздин жөнөкөйлүгүңүз, адамгерчилигиңиз, дилгирлигиңиз дайым бизге үлгү жана өрнөк. Сизге чың ден соолук, узун өмүр, иштериңизде албан ийгиликтерди каалайбыз. Урматы бийик устат катары келечек муундарды тарбиялоодо талыкпай эмгектене беришиңизге тилектешпиз. Урматтоо менен, МФТИТ институтунун жалпы жамааты!