50 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу!

2025-09-15 08:24:00 51

50 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жолугушуусу! ⠀ 12-сентябрь күнү Ош мамлекеттик университетинде (мурдагы ОГПИнин физика-математика факультети) 1975-жылы бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдүн 50 жылдык мааракеси жогорку деңгээлде белгиленди. ⠀ Бул сыймыктуу бүтүрүүчүлөрдүн катарында илимдин докторлору, ардактуу устаттарыбыз Сопуев А., Ташполотов Ы., Тайиров М., Сайыпбекова А. да болушту. ⠀ Меймандарга ОшМУнун жана МФТИТ институтунун атынан “ыраазычылык каттары” тапшырылды. ⠀ Улуу муундагы бүтүрүүчүлөргө чың ден соолук, бакубат жашоо жана узак өмүр каалайбыз! Сиздердин бай тажрыйбаңыздар жана коомдогу ордуңуздар биздин чоң сыймыгыбыз! ⠀ Мындай кубанычтуу, маанилүү жолугушуулар мындан ары да улана берсин!