2025-09-16 07:20:29 19
ОшМУ – Эл аралык кызматташтык жолунда! МФТИТ инстиутутунун Колдонмо информатика жана маалыматтык коопсуздук кафедрасынын доценти Садыкова Гульхан Курманбековна учурда Россия Федерациясынын Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинде (ЧГПУ) иш сапар менен жүрөт. Сапардын алкагында ал конок лекция окутуп, ошондой эле кош дипломдуулук программасы боюнча окуусун улантуу үчүн барган студенттерди жеткирип барды. Доцент Садыкова окуу жана жатакана шарттары менен таанышып, студенттерге колдоо көрсөтүүдө. Белгилей кетсек, быйыл Мамазаиров Кайрат ОшМУнун жана ЧГПУнун кош дипломдуудук программасынын негизинде 2 дипломго ээ болгон. Бул кызматташтык эки тараптуу билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.