ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫНЫН ИЙГИЛИКТЕРИ: ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ ЖАНА АЛЫМБЕК ДАТКАНЫН МААРАКЕСИ

2025-09-17 10:11:48 11

Куттуктайбыз! Август педагогикалык форумун уюштурууда активдүү катышкандыгы үчүн МФТИТ институтунун директору Б. Азимов, ОшМУнун IT академиясынын директору А. Абдирасулов, КМИГД кафедрасынын окутуучусу С. Камалов, АССТ кафедрасынын окутуучусу Б. Баястан уулу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ыраазычылык каты менен сыйланышты. Ошондой эле, Алымбек датканын 225 жылдык мааракесин уюштурууга активдүү катышкандыгы үчүн АССТ кафедрасынын улук окутуучусу Г.Сейитказыева ОшМУнун ректорунун Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул сыйлыктар окутуучуларыбыздын жигердүү эмгегинин жана демилгелүү аракети менен жетишилген ийгиликтер. Ар бириңиздерге чыгармачылык ийгиликтерди, жаңы бийиктиктерди жана бекем ден соолук каалайбыз!