«Манас» командасы эл аралык бильярд боюнча 2-орунга ээ болду!

2025-09-18 09:08:08 25

Куттуктайбыз! Астана шаарында өтүп жаткан эл аралык бильярд боюнча (63+) турнирде Кыргызстандын атынан 2 курама команда катышты. Алардын арасынан «Манас» командасы мыкты оюн көрсөтүп, 2-орунга ээ болду! Бул команданын курамында МФТИТ институтунун профессору И.Г. Кенжаев жана доцент Ш.Д. Оморов болуп, мыкты оюн көрсөтүштү. Турнирге Казакстан, Кыргызстан жана Россиядан жалпы 12 команда катышты. 1-орун — «Жетисуу» (Казакстан) 2-орун — «Манас» (Кыргызстан) Кесиптештерибизге ийгиликтерди каалайбыз!