30.03.2019 Иш берүүчүлөр менен жолугушуу

2019-03-30 16:23:29 1767

2019-жылдын 30-апрелинде МИТ факультетинде иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен тегерек стол болуп өттү. Жолугушуунун максаты: жумуш берүүчүлөрдүн талаптарына ылайык келген жогорку билимдүү, кесипкөй, компетенттүү кадрларды даярдоо. Мында иш берүүчүлөрдүн ЖОЖдун миссиясы, максаттары, окуу системасы, өнүгүү жолдоруна карата көз караштары жана МИТ факультети менен стейкхолдерлер ортосундагы кызматташтык мамилелерди өркүндөтүү маселелери каралды. Иш берүүчүлөр жана 4-курстун студенттери менен суроо-жооп болуп, андан соң секциялык бөлүмдөрдө талкуу уланды.